Салливан : "Украинага узун аралыкка атуучу ракета бербейбиз"

Америка Кошмо Штаттарынын Украинага 300 километр аралыкка атуучу ракеталарды  бербей тургандыгы билдирилди.

1858491
Салливан : "Украинага узун аралыкка атуучу ракета бербейбиз"

Америка Кошмо Штаттарынын Украинага 300 километр аралыкка атуучу ракеталарды  бербей тургандыгы билдирилди.

Ак үйдүн Улуттук Коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан АКШнын борбор шаары Вашингтондо өткөн Аспен Коопсуздук форумунда сөз сүйлөдү. 

Украина тууралуу баа берген Салливан АКШ чалгындоосунун орус армиясынын согушта  орус армиясынын абдан жөндөмдүү чыгарын күтүшкөндөрүн бирок Россиянын согушта көптөгөн максаттарына жетпегендигин айтты. 

Россиянын максаттарына жетүүдө бир топ кыйынчылыктарды өткөргөндүгүн белгилеген Салливан мунун чоң өлчөмдө украиналыктардын тайманбастыгынан жана батыш өлкөлөрү берген куралдардан улам болгондугун белгиледи. 

АКШнын президенти Жо Байдендин коопсуздук боюнча кеңешчиси : "Россиянын Украинаны оккупациясынын Путин үчүн стратегиялык ийгилик болбошу жана стратегиялык бир ийгиликсиздик болушу АКШнын стратегиялык максаты",- деп баа берди.

Салливан АКШнын 300 километрдик аралыкка атуучу, кургактык күчтөрүнүн тактикалык согуштук ракеталарын Украинага бербей тургандарын белгилеп : "Президент Байден үчүнчү дүйнөлүк согушуна жол ача турган шарттарга себеп болбош керектигине ишенет",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар