Макрон менен Сиси Парижде жолугушту

Египет менен Франциянын президенттеринин бардык каралган маселелер боюнча, анын ичинде климат маселеси боюнча кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашкандары билдирилди.

1858563
Макрон менен Сиси Парижде жолугушту

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Парижде Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси менен жолугушту.

Франциянын президенттик сарайы  Елисейден берилген  маалыматта Макрон менен Сисинин борбор шаар Париждеги жолугушуусунда Украинадагы согуш жана экономика, энергетика жана бул согуштун кесепеттерин жоюунун жолдору, дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу талкууланды.

Билдирүүдө эки лидердин Жакынкы Чыгыштагы абал, Ирандын өзөктүк программасы жана терроризмге каршы күрөшү сөз болгондугу,  Ливиянын биримдиги жана көз карандысыздыгын колдоону баса белгилегендери маалымдалды.

Билдирүүдө Египет менен Франциянын президенттеринин бардык каралган маселелер боюнча, анын ичинде климат маселеси боюнча кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашкандары билдирилди. 



Тектеш кабарлар