Игорь Конашенков Украинанын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Донецк аймагында акыркы 24 саатта Украина армиясына таандык 12 штаб жана 4 ок - дары сакталган кампага сокку урулганы белгиленди.

1858588
Игорь Конашенков Украинанын жоготуулары тууралуу маалымат берди
rusya-ukrayna.jpg
rusya-ukrayna.jpg

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков согуш башталгандан бери украин армиясына таандык 4146 танк жана бронетехниканын жок кылынганын билдирди. Конашенков орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

Орус армиясынын Украинадагы аскердик элементтерге чабуулун улантып жатканын белгилеген Конашенков, Днепр аймагында Украина куралдуу күчтөрүнө караштуу 406 - артиллериялык бригаданын аткыланганын, кол салууда 200гө жакын украин аскеринин каза  болгонун, 9 артиллериялык унаа менен аскердик унаанын талкалангандыгын айтты. Конашенков, Донецк аймагында Украина армиясынын 14 - механикалаштырылган бригадасынын аскерлеринин жарымынын өлтүрүлгөнүн билдирди.

Донецк аймагында акыркы 24 саатта Украина армиясына таандык 12 штаб жана 4 ок - дары сакталган кампага сокку урулганын белгилеген Конашенков 11 учкучсуз учуучу аппараттын орус абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөнүн белгиледи.

Орус катчы : «Учурда Украинага таандык 260 учак, 144 тик учак, 1600 PUA, 357 абадан коргонуу ракеталык системасы, 4 миң 146 танк жана бронетехника, 763 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 185 гаубица жана минометтор, 4 миң 453 атайын аскердик техника  жок кылынды",- деди. 



Тектеш кабарлар