Россия 39 австралиялыктын өлкөгө киришине тыюу салды

Россиянын Тышкы иштер министрлиги австралиялык 39 жаранга, анын ичинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын билдирди.

1858170
Россия 39 австралиялыктын өлкөгө киришине тыюу салды

Россиянын Тышкы иштер министрлиги австралиялык 39 жаранга анын ичинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын билдирди.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Австралиянын мындан мурда «Магнитский мыйзамынын» алкагында санкция киргизгени эске салынды.

Австралиянын Россияга каршы санкция салуу боюнча саясат жүргүзгөндүгү белгиленген маалыматта : «Өз ара түшүнүшүүнүн аркасында  Австралиянын коргоо органдарынын өкүлдөрү, чек ара кызматы жана коргоо тармагынын курулуш фирмаларынын өкүлдөрүнөн 39 киши, кошумча катары өлкөгө киришине тыюу салынган кишилер тизмесине алынды»,- деп билдирилди.

Hermitage Capital Management фондунун юристтеринин бири Сергей Магнитский 2009 - жылы Россияда камакка алуу учурунда  каза болгондон кийин АКШ жана Европа өлкөлөрү Россия керектүү чараларды көргөн эмес деген жүйө менен жооптуу бюрократтарды жазалоону талап кылышкан.

Ушунун негизинде  2012 - жылы АКШда кабыл алынган Магнитский мыйзамы адам укуктарын бузгандыгы белгиленген  орусиялык чиновниктердин АКШга кирүүсүнө бөгөт коюу сыяктуу бир катар санкцияларды алып келген.

Конгресс тарабынан 2016 - жылы кабыл алынган жөнгө салуу менен сөз болгон мыйзам АКШ администрациясынын дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө адам укуктарынын бузулушунун алкагында тиешелүү инсандарга жана мекемелерге санкция салуу мүмкүнчүлүгүн бере тургандай түрдө кеңейтилген.



Тектеш кабарлар