Рио-де-Жанейро шаарында кылмыштуу топторго карата операция жүргүзүлдү

Операцияда 18 киши каза болду.

1858173
Рио-де-Жанейро шаарында кылмыштуу топторго карата операция жүргүзүлдү

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында коопсуздук күчтөрү кылмыштуу уюмдарга каршы уюштурган операцияда 18 киши каза болду.

Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, коопсуздук күчтөрү Рио-де-Жанейронун түндүгүндөгү «Фавела» деп аталган райондо операция жүргүздү.

Бийликтер операцияда ушул кезге чейин 18 кылмыштуу топтун мүчөсү жок кылынганын кабарлашты.

Ушул эле аймакта 24 - майда жүргүзүлгөн операцияда кылмыштуу топтун 11 мүчөсү жок кылынды.

 



Тектеш кабарлар