Мыйзамсыз жөөт конуштарынын саны көбөйүүдө

Евробиримдиктин Палестина өкүлчүлүгү, Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт конуштары боюнча 2021-жылдагы отчетун жарыялады.

1858269
Мыйзамсыз жөөт конуштарынын саны көбөйүүдө

Европа Биримдиги (ЕБ), басылып алынган Чыгыш Кудс жана Батыш Шериадагы мыйзамсыз жөөт конуштарында жаңы турак жайлардын саны 2021-жылы 22 миңге жеткенин билдирди.

Евробиримдиктин Палестина өкүлчүлүгү, Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт конуштары боюнча 2021-жылдагы отчетун жарыялады.

Отчетто Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт отурукташуу пландарынын мурунку жылдарга салыштырмалуу ылдамдаганы жана 22 миң 30 жаңы турак жай үчүн кадам ташталганы белгиленди.

Чыгыш Кудста 2020-жылы 6 миң 288 жаңы мыйзамсыз турак-жай катталса, 2021-жылы 14 миң 894 жаңы турак жай катталганы маалымдалды.

Ушундайча 2021-жылы жаңы турак жайлардын курулушу өткөн жылга салыштырмалуу эки эседен ашык өскөндүгү баса белгиленген отчетто, Израилде 2021-жылдын июнь айында ишке киришкен өкмөттүн өз убадаларына карабастан калктуу конуш пландарын улантып жатканы айтылды.



Тектеш кабарлар