Израилден Дамаскка кол салуу жасалды

Израиль мекемелери кол салуу тууралуу маалымат берилген жок.

1858138
Израилден Дамаскка кол салуу жасалды

Израиль тарабынан Сириянын борбор шаары Дамаскка абадан кол салуу жасалды. Асад режиминин маалымат агенттиги САНА аскердик булакка таяндырып берген кабарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:32де Дамасктын айланасындагы режим күчтөрүнө таандык айрым жерлерге, Израиль тарабынан кол салуу болгондугу айтылды. Кабарда : "Абадан коргонуу системаларыбыз оккупациядагы Голан дөңсөөлөрү багытынан келген душман ракеталарынын айрымдарын атып түшүрдү",- деп билдирилди. 

Катуу жарылуу үндөрүнүн угулгандыгы белгиленген кабарда режим армиясынан 3 аскердин каза болгондугу маалымдалды. Борбор шаар Дамаск жана элетинде режим армиясы менен бирге Иран колдогон чет элдик террордук топтор менен Хизбуллахка таандык аскердик жерлердин бар экендиги белгилүү. 

Израиль мекемелери кол салуу тууралуу маалымат берилген жок. 

 

 



Тектеш кабарлар