Орусия Украинадагы чабуулдарын улантып жатат

Конашенков, орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы аскердик кыймылдары тууралуу маалымат берди.

1857852
Орусия Украинадагы чабуулдарын улантып жатат

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинага таандык 260 учак, 144 тик учак, 4135 танк жана зооттолгон унаанын жок кылынганын билдирди.

Конашенков өз билдирүүсүндө, орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы аскердик кыймылдары тууралуу маалымат берди.

Украин армиясынын олуттуу жоготууга учураганын белгилеген Конашенков, жаңыланган маалыматтарга караганда 16-июлда орус учактарынын Одесса облусунда улутчул күчтөрдүн Константиновка конушундагы убактылуу жайгашуу пункту болгон «Империя» эс алуу борборуна карай чабуулунда 600дөн ашуун жоокер, анын ичинде 120 чет элдик жалданма аскердин зыянсыздандырылганын айтты.

Конашенков ошондой эле 17-июлда Николаевдеги украин аскер бөлүктөрүнүн убактылуу жайгаштыруу пунктуна жасалган жогорку тактыктагы ракеталык чабуулда 320дан ашуун улутчул күчтөрдүн өлтүрүлгөнүн билдирди.

Орусиянын абадан тактикалык бөлүктөрү, ракеталык жана артиллериялык бөлүктөрү Николаевде чет элдик жалданма согушкерлер жайгаштырылган 9 командалык пунктка, Украинанын чалгындоо кызматынын Краматорск шаарындагы штабына жана Артёмовскадагы 14-механикалаштырылган бөлүккө сокку урганын белгилеген Конашенков, Днепр облусуна караштуу Малиевка, Донецк облусундагы Федоровска, Константиновка конуштарында 6 ок-дары жана артиллериялык кампа жок кылынганын кабарлады.

Орус учактарынын Украинанын аба күчтөрүнө таандык Су-25 согуштук учагына Донецк аймагындагы Краматорскта сокку урганын айткан Конашенков, Орусиянын абадан коргонуу системалары Первомайское аймагында Ми-8 үлгүсүндөгү тик учагын атып түшүргөнүн маалымдады. Харьков жана Донецк аймактарында да Украинанын 5 учкучсуз учагынын атып түшүрүлгөнү билдирилди.

Конашенков: «Бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 260 учак, 144 тик учак, 1577 учкучсуз учуучу аппарат, 356 абадан коргонуу ракеталык системасы, 4 миң 135 танк жана бронетехника, 762 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 174 гаубица жана минометтор, 4 миң 413 аскердик техникалар жок кылынды»,-деди.



Тектеш кабарлар