Путин Раиси жана Хаменеи менен жолугушту
Ирандын президенттигинен берилген маалыматта Түркия, Орусия жана Ирандын ортосунда борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн «Астана форматындагы жетинчи үч тараптуу саммитке» катышуу үчүн Тегеранга барган Путиндин президент Раиси менен жолугушканы белгиленди.
Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен Орусиянын президенти Владимир Путин аймактык өнүгүүлөрдү талкуулашты.
Ирандын президенттигинен берилген маалыматта Түркия, Орусия жана Ирандын ортосунда борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн «Астана форматындагы жетинчи үч тараптуу саммитке» катышуу үчүн Тегеранга барган Путиндин президент Раиси менен жолугушканы белгиленди.
Билдирүүдө жолугушууда энергетика, транзиттик жана соода мамилелери сыяктуу көптөгөн тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланганы айтылды.
Жолугушууда ирандык жана орусиялык лидерлер аймактык өнүгүүлөрдү да талкуулашканы маалымдалды.
Бул аралыкта Ирандын мамлекеттик телеканалы кабарлаганына караганда, Владимир Путин Ирандын диний лидери Али Хаменеи менен да жолугушту.