Гутерриш Кипрдеги тынчтыкты сактоо миссиясынын мандатын дагы 6 айга узартууну сунуштады

Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде уланып жаткан Коопсуздук кеңешинин (БУУ) жыйынында Кеңештин мүчөлөрү менен бөлүшкөн отчетунда БУУнун Кипрдеги тынчтык күчтөрүн 2023-жылдын январь айынын аягына чейин узартууну пайдалуу деп тапканын белгиледи.

1856526
Гутерриш Кипрдеги тынчтыкты сактоо миссиясынын мандатын дагы 6 айга узартууну сунуштады

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Коопсуздук кеңешине Кипрдеги тынчтыкты сактоо миссиясынын мандатын дагы 6 айга узартууну сунуштады.

Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде уланып жаткан Коопсуздук кеңешинин (БУУ) жыйынында Кеңештин мүчөлөрү менен бөлүшкөн отчетунда БУУнун Кипрдеги тынчтык күчтөрүн 2023-жылдын январь айынын аягына чейин узартууну пайдалуу деп тапканын белгиледи.

Кипрдеги кырдаалга байланыштуу Башкы катчы өз докладында мындай деди: "Сүйлөшүүлөрдү толук кайра баштоого карай прогресстин жоктугу жер-жерлерде жаңы реалдуулуктар үчүн мейкиндикти жаратат жана бир тараптуу провокацияга алып келет. Татаал аймактык чөйрөнү жана анын Кипрге тийгизген таасирин эске алуу менен тиешелүү тараптарды сабырдуу болууга жана чыр-чатакты чечүү үчүн конструктивдүү ыкмаларды кабыл алуу зарылдыгына чакырам».

Гутерриш бардык тараптардын жакшы ниет көрсөтүшү жана саясий чечүүчү шарттарды түзүү зарылчылыгына көңүл буруу керектигине токтолуп:«БУУнун Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн Кипрдеги тынчтык жана стабилдүүлүккө кошкон салымын жана саясий чечим үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү эске алып, Коопсуздук Кеңешине миссиянын мандатын 6 айга, 2023-жылдын 3-январына чейин узартууну сунуш кылам»,-деп билдирди.

Коопсуздук Кеңешинин 27-январда жарыяланган резолюциясында Бириккен Улуттардын Уюмунун Кипрдеги миссиясынын азыркы мандаты июль айынын аягында аяктайт деп айтылган.



Тектеш кабарлар