Орусиянын 2 аскерий кемеси Алжир портуна токтоду

Алжир Орусиянын Африка континентиндеги эң маанилүү аскерий өнөктөштөрүнүн бири жана ошондой эле аймактагы орус куралдарынын эң ири кардарларынын арасында орун алат.

1856225
Орусиянын 2 аскерий кемеси Алжир портуна токтоду

Орусиянын Кара деңиздеги деңиз флотунун эки согуштук кемеси эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Алжир портуна токтоду.

Алжирдин Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө: «Орусиянын аскер-деңиз флотунун Кара деңиздеги согуштук кемелери, гидрографиялык кемеси (КИЛДИН) жана мунай ташуучу кемеси (вице-адмирал ПАРОМОВ) Алжир портуна жакындады»,-деп кабарланды.

Билдирүүдө бул кемелердин Алжир портунда эки күн боло турганы белгиленип: «Эки армиянын биргелешкен координациясын бекемдөө менен бирге, эки тараптуу аскердик кызматташтыкты чыңдоо жана Алжир деңиз флоту менен орус флотунун ортосунда тажрыйба алмашууну көздөйт»,-деп баа берилди.

Орус жана Алжир согуштук кемелери ноябрь айында Жер Ортолук деңиз сууларында ар кандай тактикалык жана бөгөт болуучу машыгууларды камтыган биргелешкен деңиз маневрларын аткарган болчу.

Алжир Орусиянын Африка континентиндеги эң маанилүү аскерий өнөктөштөрүнүн бири жана ошондой эле аймактагы орус куралдарынын эң ири кардарларынын арасында орун алат.



Тектеш кабарлар