Зеленский: «Орусиянын ракеталары биздин биримдигибизди буза албайт»

Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ кечинде элге кайрылуу жасады.

1855889
Зеленский: «Орусиянын ракеталары  биздин биримдигибизди буза албайт»

Украинанын президенти Владимир Зеленский украиналыктардын биримдиги жана ынтымагы бузулбай турганын билдирип:«Орусиянын ракеталары жана артиллериясы биздин биримдигибизди бузуп, бизди жолубуздан бура албайт»,-деди.

Кечээ кечинде элге кайрылуусунда Украинанын Мамлекеттик эгемендүүлүк декларациясы 32 жыл мурда бекитилгенин эске салган Зеленский:«Бул көп жылдардан бери биздин элибиздин өз алдынча жашоо укугун ырастаган биринчи документ болду. Көз карандысыз жана демократиялык түрдө. Орусиянын бир дагы ракетасы жана артиллериясы биздин ынтымагыбызды бузуп, бизди жолубуздан бура албасы анык. Украинанын биримдигин жалган же коркутуу, жалган маалымат же кутум теориялары менен да бузууга болбой турганы ошондой эле ачык»,-деп айтты.

Украин эли жана армиясынын Орусиянын чабуулдарына туруштук берип, 24-февралдан кийин басып алган жерлеринин бир бөлүгүн кайтарып алууга жетишкенин белгилеген Украина лидери:«Биз мамлекетибиздин учурда оккупацияланган башка бөлүктөрүн акырындык менен бошотуп алабыз. Ушундай согуш учурунда биз Европа Биримдигине талапкер статусун ала алдык. Биз мамлекеттик институттардын туруктуулугун камсыздадык. Мамлекеттик, аскердик жана чарбалык бардык материалдык-техникалык процесстер кайрадан канализацияланды. Эң негизгиси чыр-чатакты, карама-каршылыктарды жеңүү менен биримдикти сактап келебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар