Швеция ФЕТӨнүн мүчөсүнүн экстрадицияланышын токтотту

Швеция басма сөзүндө орун алган кабар менен ФЕТӨ мүчөсүнүн экстрадицияланышы бул өлкөнүн Жогорку соту тарабынан токтотулганы бөлүшүлдү.

1855841
Швеция ФЕТӨнүн мүчөсүнүн экстрадицияланышын токтотту

Түркияга экстрадицияланышы Швециянын Жогорку соту тарабынан токтотулган Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) мүчөсү, уюмдун жогорку рангадагы жетекчилеринин бири, Ооганстандын имамы делген Йылмаз Айтан экени белгилүү болду.

НАТО саммити өткөрүлгөн Испаниянын борбор шаары Мадридде Финляндия менен бирге НАТОго мүчөлүк арызын берген жана Түркия менен террордук уюмдарга каршы кызматташуу милдеттемесин алып, үчтүк меморандумга кол койгон Швеция, террористтердин кайтарылышына карата талаптарды жоопсуз калтырууну улантууда.

Акырында Швеция басма сөзүндө орун алган кабар менен ФЕТӨ мүчөсүнүн экстрадицияланышы бул өлкөнүн Жогорку соту тарабынан токтотулганы бөлүшүлдү. Экстрадициялоосу токтотулган ФЕТӨ мүчөсүнүн уюмдун жогорку рангадагы башкаруучуларынын бири Йылмаз Айтан экени белгиленди.

Уюмдун Ооганстан имамы делген жана ФЕТӨгө таандык мектептердин жоопкерчилигин алган Айтандын уюмга каршы операциялардан качуу үчүн Швециядан башпаанек сураганы жана өтүнүчү кабыл алынгандан кийин Ооганстандан бул өлкөгө көчүп кеткени белгилүү болду.

Dagens Juridik гезитинин кабарында 2018-жылы Швецияда жашоого уруксат алган жана ФЕТӨнүн лидерлеринин бири деген жүйө менен Түркия тарабынан экстрадицияланышы талап кылынган 48 жаштагы жарандын экстрадицияланышы Швециянын Жогорку соту тарабынан токтотулганы белгиленди.



Тектеш кабарлар