Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Конашенков орус аскерлеринин Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

1855901
Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков жогорку тактыктагы куралдар менен Одессада НАТО өлкөлөрүнөн жөнөтүлгөн «Гарпун» ракеталары сакталган кампаны жана Донецк аймагында Америкада жасалган HIMARS жогорку эффективдүү артиллериялык ракета системасын аткыч жана ташыгычты аткандарын билдирди.

Конашенков орус аскерлеринин Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Жогорку тактыктагы ракеталар менен орус аба күчтөрүнүн Украина армиясынын Харьков облусунун Чугуев шаарындагы 92-механикалаштырылган бөлүктүн убактылуу жайгашкан жерине чабуулунда 200гө жакын украин аскеринин аткыланганын белгилеген Конашенков , алардын аскердик объектилерге карай чабуулдарынын уланып жатканын билдирди.

Одессадагы бир өнөр жай ишканасынын имараттарынын биринде НАТО өлкөлөрү тарабынан Украинага жөнөтүлгөн «Харпун» кемеге каршы ракеталар сакталган кампасынын абадан учурулган алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы ракеталар менен жок кылынгандыгы тууралуу маалымат менен бөлүшкөн Конашенков, кургактан учурулган жогорку тактыктагы курал менен Донецк аймагындагы Красноармейск калктуу конушуна жакын жерде Америкада жасалган HIMARS жогорку эффективдүү артиллериялык ракета системасын аткыч жана ташыгычты аткандарын айтты.

Орус өкүлү:«Буга чейин Украинага таандык 257 учак, 140 тик учак, 1558 учкучсуз учуучу аппарат, 355 абадан коргонуу ракеталык системасы, 4084 танк жана бронетехника, 747 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 151 гаубицалар жана минометтор, 4379 жеке менчик техникалар жок кылынды»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар