Индияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана кырсыктардан 102 адам каза болду
Индиянын батышындагы Махараштра провинциясында 1-июндан бери нөшөрлөгөн жаан тынбай жаап жатат.
Индиянын батышындагы Махараштра провинциясында июнь айынын башынан бери нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана кырсыктардан 102 адам каза болду.
Провинцияда 1-июндан бери нөшөрлөгөн жаан тынбай жаап жатат.
Провинцияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел жана кырсыктардан улам акыркы суткада 2 адам каза болуп, 68 адам жаракат алды. Июнь айынын башынан бери каза болгондордун саны 102ге жетти.
Белгиленген күндөн бери болжол менен 12 миң киши эвакуацияланган Махараштрада өлгөн жаныбарлардын саны 189 болду.
Провинциянын жаан-чачындан жапа чеккен 28 аймагынын айрымдарында "кызыл", калгандарында "кызгылт сары" эскертүүлөр берилди.
Түштүк Азияда июнь-сентябрь айларында таасирдүү болгон муссон жамгырлары жыл сайын өзгөчө Индияда чоң масштабдагы табигый апааттарга жана кырсыктарга себеп болууда.