Жо Байден Сауд Арабиянын королу менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден Жакынкы Чыгыш сапарынын акыркы аялдамасы Сауд Арабиянын Жидда шаарына барды.

1855616
Жо Байден Сауд Арабиянын  королу  менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден Жакынкы Чыгыш сапарынын акыркы аялдамасы Сауд Арабиянын Жидда шаарына барды.

Палестина жана Израилдеги жолугушууларынан кийин Байден Тель Авивдеги Бен Гурион эл аралык аэропортунан түз  Сауд Арабияга учуп кетти.

Байденди ташыган президенттик учак Сауд Арабиянын Жидда шаарындагы Король Абдулазиз эл аралык аэропортуна конду. Байден андан соң Король Салман бин Абдулазиз Аль Сауд менен жолугушуу үчүн Салам сарайына барды.

Жолугушууда : "АКШ жана Сауд Арабиянын ортосундагы тарыхый карым  - катнаштарды эки өлкө жана элдеринин пайдасына кызмат кыла турган түрдүү тармактарда бекемдөөнүн жолдору" каралды. 

Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Селман Улуттук Коопсуздук кеңешичиси Мусаид бин Мухаммед ел  -  Айбан менен бирге АКШнын  мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен АКШ Улуттук Коопсуздук кеңешичиси Жейк Салливан да жолугушууга катышты. 

Байден өзгөчө мураскер ханзаада Бин Селман менен жекеме  - жеке сүйлөшүү өткөрдү. 

АКШнын президенти 2021-жылдын 20-январында кызматка киришкенден бери биринчи жолу Сауд Арабияга барды. 

Жо Байден Эр - Рияд башкаруусунун аба мейкиндигин бардык жарандык каттамдар үчүн, анын ичинде Израил үчүн ачуу чечиминен кийин Тель-Авивден Сауд Арабияга түз учкан АКШнын биринчи президенти болду.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар