Нидерландия Украина аскерлерин машыктырат
Нидерландиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Украинанын 10 миң аскеринин 4 жума машыктырыла турганы белгиленди.
Нидерландия армиясынын август айынан тарта Украинанын аскерлерин Британияда машыктыра баштай тургандыгы билдирилди.
Нидерландиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Украинанын 10 миң аскеринин 4 жума машыктырыла турганы белгиленди.
Британиянын бул жумадан тарта баштаган негизги аскердик машыктыруу, биринчи жардам машыгууларына Нидерландия армиясынын август айынан тарта кошулары белгиленип, группа түрүндө өткөрүлө турган машыгуулардын 3 - 4 айлык убакыттын ичинде бүтүшү күтүлгөндүгү, Нидерландия деңиз флоту кызматкрелеринин да машыгууга жардам берери маалымдалды.
Маалыматта көз караштарына орун берилген Нидерландиянын Коргоо министри Кайса Оллонгрен Украинанын Винница шаарында 22 жарандын өлтүрүлгөндүгүн эске салып : "24 - февралдан бери болуп келе жаткан Украина - Россия согушу алтынчы айына кирп жатат жана акырындап калса да орустардын Донбасстагы алдыга жылуусу улантылууда. Орустардын кол салууларын токтотуу үчүн батыштык мамлекеттердин Украинага берген жардамы абдан маанилүү",- деди.