Захарова Кара деңизден эгиндин коопсуз чыгышы боюнча Стамбул жыйналышына токтолду

Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн жумалык маалымат жыйынында Украина данына байланыштуу төрттүк жыйындын кечээ Стамбулда өткөрүлгөнүнө көңүлдөрдү бурду.

1855273
Захарова Кара деңизден эгиндин коопсуз чыгышы боюнча Стамбул жыйналышына токтолду

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Түркия, Орусия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кечээ Стамбулда өткөн төрт тараптуу жолугушуусунда Украина портторунан эгиндин коопсуз чыгышы үчүн мүмкүн болгон келишимдердин кээ бир элементтеринин түзүлгөнүн айтты.

Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн жумалык маалымат жыйынында Украина данына байланыштуу төрттүк жыйындын кечээ Стамбулда өткөрүлгөнүнө көңүлдөрдү буруп:«Жолугушууда дан маселеси кеңири талкууланды. Мүмкүн болгон келишимдердин айрым элементтери түзүлө алды. Бул элементтер Орусия, Украина жана Түркияда аскердик институттар аркылуу талкууланууда»,- деди.

Мария Захарова дан боюнча байланыштар ушул эле форматта улана турганын билдирди.

Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согушка токтолгон Захарова батыш өлкөлөрүнүн Украинага курал жөнөтүп жатканын белгилеп: «Америка Кошмо Штаттары жана анын союздаштары Киев режиминин аскердик мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүүгө аракет кылганы менен, Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы уланат жана орус администрациясы койгон бардык максаттар аткарылат»,- деди.

Түркия менен Армениянын карым-катнаштарынын нормалдашуу процессине токтолгон Захарова келечекте бул процесске колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Захарова: «Биз бул аймактын туруктуулугу жана экономикалык гүлдөп-өнүгүүсүнүн кызыкчылыгына жооп берет деп эсептейбиз»,-деди.



Тектеш кабарлар