Түркиянын Батыш Балканда конструктивдүү ролу бар...

Шефик Джаферович расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Англиянын борбор шаары Лондондо билдирүү жасады.

1855033
Түркиянын Батыш Балканда конструктивдүү ролу бар...

Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин төрагасы Шефик Джаферович Түркия менен президент Режеп Таййип Эрдогандын Батыш Балканда конструктивдүү ролу бар экенин айтты.

Шефик Джаферович расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Англиянын борбор шаары Лондондо билдирүү жасады.

Сребреницадагы геноциддин 27-жылдыгынын алкагында Лондондо өткөрүлгөн «Сребреницаны эскерүү» иш-чарасына катышканын айткан Джаферович: «Британия геноциддин жылдыгында мамлекеттик деңгээлде эскерүү программасын уюштуруп, аны мектептерде (геноцид) окутуп жаткан өлкөлөрдүн бири. Эң негизгиси Сребреницада геноцид болгонун бүт дүйнөгө жеткирүү»,- деди.

Түркиянын Босния жана Герцеговинанын ар дайым досу экенин баса белгилеген Джаферович: «Түркия менен президент Эрдогандын Батыш Балканда конструктивдүү жана турукташтыруучу ролу бар. Ал Босния-Герцеговинанын Европа Биримдиги (ЕБ) жана НАТОго мүчөлүк процесстерин колдойт. Бул колдоо биз үчүн өтө маанилүү»,-деп айтты.

Улуу Британиянын да Босния-Герцеговинанын досу экенин билдирген Джаферович : «Британия ар дайым Босния-Герцеговинанын мекемелеринин артында турду. Босния-Герцеговинанын ЕБ жана НАТО мүчөлүгү жолунда көрсөткөн колдоосуна да ыраазыбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар