"Ковид-19 дагы деле глобалдык өзгөчө абал"

Уюмдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 8-июлда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Өзгөчө кырдаалдар комитетинин Ковид-19 маселесин талкуулоо үчүн чогулганы айтылды.

1854826
"Ковид-19 дагы деле глобалдык өзгөчө абал"

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун жаңы түрүн (Ковид-19) “глобалдык өзгөчө абал” катары сыпаттоону улантууну чечти.

Уюмдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 8-июлда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Өзгөчө кырдаалдар комитетинин Ковид-19 маселесин талкуулоо үчүн чогулганы айтылды.

Жыйында Комитеттин Ковид-19ду Эл аралык коомдук саламаттыкты сактоонун өзгөчө абалы (PHEIC) категориясында баалоо боюнча сунуш киргизгени жана бул сунуштун кабыл алынганы маалымдалды. 

Бир тараптан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Женевадагы борборунда өткөрүлгөн пресс-конференцияда уюмдун башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреисус акыркы аптадагы Ковид-19га байланыштуу глобалдык өлүмдөргө токтолуп: "COVID-19 өлүмдөрүндөгү тенденциянын саламаттыкты сактоо тутумдарына жана медицина кызматкерлерине туудурган кыйынчылыктарына тынчсыздануудамын",-деди.

Omicron вариантынын BA.4 жана BA.5 суб-варианттарынын дүйнө жүзү боюнча жуктургандардын санынын көбөйүшүнө себеп болуп жатканын баса белгилеген Гебреисус: «Вируска байкоо салуунун азайышы варианттардын кантип жукканы, оорунун пайда болуу ыктымалдыгы жана вируска каршы күрөштүн натыйжалуулугун түшүнүүдө кыйынчылык жаратууда»,-деп айтты.

Ковид-19дун глобалдык учурларынын 4 апта катары менен көбөйүп жатканын билдирген Гебреисус, ДССУга мүчө өлкөлөрдү Ковид-19 менен күрөшүүнүн куралдарынын бири болгон тест, геном секвенциясы жана вакцинаны колдонууну улантууга чакырды.



Тектеш кабарлар