БУУ кагылышууларда каза болгон балдардын саны тууралуу маалымат берди

Өткөн жылы жалпы дүйнөдө кагылышуу болгон аймактарда  2 миң 515 баланын каза болуп, 5 миң 555 баланын да майып болгону маалымдалды.

1854580
БУУ кагылышууларда каза болгон балдардын саны тууралуу маалымат берди

Өткөн жылы жалпы дүйнөдө кагылышуу болгон аймактарда  2 миң 515 баланын каза болуп, 5 миң 555 баланын да майып болгону маалымдалды.

Бириккен Улуттар Уюмунун  Башкы катчылыгы жыл сайын даярдаган, согуштарда курал карматылган, өлтүрүлгөн, майып болгон жана камакка алынган балдар тууралуу маалыматтарды камтыган «2021-жылы балдар жана куралдуу кагылышуулар» отчетун жарыялады.

Отчетто : "Балдарга карата эң олуттуу мыйзам бузуулар Афганистанда, Конго Демократиялык Республикасында, Израилде жана оккупацияланган Палестина аймактарында, Сомалиде, Сирия Араб Республикасында жана Йеменде аныкталды",- деп билдирилди. 

Кагылышуу болгон аймактарда 2021 -  жылы балдарды уурдоо жана сексуалдык зомбулук фактылары 20 пайыздан ашкандыгына көңүл бурулган отчетто мектердердин жабылышы, мектептердин аскердик максаттарда колдонулгандыгы, мектеп жана ооруканаларга карата кол салуулардын 50 пайызга өскөндүгү билдирилди. 

Отчетто бул мыйзам бузуулардын 55 пайызы мамлекеттик эмес тараптар, 25 пайызы мамлекеттик күчтөр тарабынан жасалып, дүйнө жүзү боюнча кагылышуу болгон  аймактарда 23 миң 982 баланын зордук-зомбулукка кабылганы маалымдалды. 

Булардан 2 миң 515 баланын каза болгондугу, 5 миң 555нин майып болгондугу айтылып, 6 миң 310 баланын кагылышууларда колуна курал алгандыгы жана 3 миң 945 баланын гуманитардык жардамга жетиши чектерлегдиги же болбосо абакка алынгандыгы ортого чыкты. 

Отчетто каза болгон балдардын 25 пайызынан көбүнүн колдо жаслаган жарылуучу аппараттар, жарылуучу согуштук калдыктар жана миналардан болгондугу белгиленди. 

 


 



Тектеш кабарлар