Владимир Зеленский түрк тилинде Курман айт майрамы менен куттуктады
Курман айт тууралуу социалдык медиада бөлүшкөн Зеленский түрк тилинде «Курман айт майрамы куттуу болсун»,- деди.
1854046
Украинанын президенти Владимир Зеленский мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
Курман айт тууралуу социалдык медиада бөлүшкөн Зеленский түрк тилинде «Курман айт майрамы куттуу болсун»,- деди.
Зеленский билдирүүсүндө : "Мусулман коомчулугу Курман айт майрамын белгилейт. Бул адамдарды жакшылыкка үндөгөн өзгөчө майрам. Мен Украинанын жана дүйнөдөгү бардык мусулмандарды куттуктагым келет жана тынчтыктын кайрадан түзүлшүн жана бардык жамандыктардын жеңилишин каалаймын",- деди.
Крым татар калкына да кайрылган Зеленский : "Өзгөчө Крым татар калкы муну күтүп жатат жана эркин Крымда бири бирибзди тосуп ала турган жылдын келерине ишенем. Курман айт майрамы кут болсун",- деди.