Россия : "Британия жиберген 2 Харпун жээк ракета системасы атылды"

Конашенков орус аскердик бөлүктөрүнүн Украинадагы согуштагы аракеттерине байланыштуу маалымат берди.

1854000
Россия : "Британия жиберген 2 Харпун жээк ракета системасы атылды"

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Одесса аймагындагы Порт конушунун айланасында Британиядан Украинага жеткирилген 2 Харпун жээк ракета системасын деңизден атылган жогорку тактыктагы ракета менен жок кылгандарын билдирди.

Конашенков орус аскердик бөлүктөрүнүн Украинадагы согуштагы аракеттерине байланыштуу маалымат берди.

Орус армиясынын чабуулун улантып жаткандыгын белгилеген Конашенков, Украинанын аймактык коргонуу бөлүктөрүнүн Николайев облусунун Очаков шаарына жакын жерде атылганын, натыйжада 290го жакын украин аскери жана 29 аскердик бронетехниканын таасирсиз абалга келгенин билдирди.

Россиянын Аскердик аба жана космос күчтөрүнүн Украинанын аймактык коргонуу бөлүктөрүнүн Николайев шаарындагы убактылуу бөлүштүрүү пунктуна сокку урганын белгилеген Конашенков, бул кол салуулардын натыйжасында 85 украин аскеринин таасирсиз абалга келгенин, 15 аскердик техникалык унаанын да жок кылынганын айтты.

Одесса аймагындагы Порт отурукташуу жеринин айланасында Англиядан Украинага жеткирилген 2 Харпун жээк ракета системасынын деңизден атылган жогорку тактыктагы курал менен жок кылынганын айткан Конашенков, орус учактарынан атылган жогорку тактыктагы ракеталар менен Краматорск шаарында 2 Точка  -  У ракеталык системалары жана 150дөн ашык украиналык улутчул күчкө сокку урулганын билдирди.

Конашенков Россиянын абадан согуштук тактикалык бөлүктөрү, артиллериялык жана ракеталык бөлүктөрү Днепр аймагында Анновка конушундагы украин армиясына таандык буталарды аткылаганын айтты.

Россиянын Су-35 согуштук учактарынын Николайев облусунун Лазаревка жакындарында Украина аба күчтөрүнө таандык Миг-29 жана Су-25 согуштук учактарын атып түшүргөнүн белгилеген Конашенков, Россиянын абадан коргонуу системаларынын да Донецк облусунун Голубовка отурукташуу жеринде Украинанын Миг-29 учагын атып түшүргөнүн айтты.

Конашенков : «Учурда 237 учак, 137 тик учак, 1488 учкучсуз учуучу аппарат, 353 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3 миң 964 танк жана брондолгон техника, 730 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 112 гаубица жана минометтор, 4 миң 76 атайын аскердик техникалар жок кылынды»,- деди.



Тектеш кабарлар