Түркия-Пакистан карым-катнаштары

Түркиянын Исламабаддагы элчиси Мехмет Пачажы борбор шаар Исламабаддагы премьер-министрлик кеңсесинде Шахбаз Шериф тарабынан кабыл алынды.

1853493
Түркия-Пакистан карым-катнаштары

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Түркия менен өлкөсүнүн бир туугандык байланыштарын өз ара ишеним, түшүнүү жана бири-биринин улуттук максаттарына колдоо көрсөтүү жагынан өзгөчө деп мүнөздөдү.
Пакистан радиосунун кабарына караганда, Түркиянын Исламабаддагы элчиси Мехмет Пачажы борбор шаар Исламабаддагы Премьер-министрлик кеңсесинде Шахбаз Шериф тарабынан кабыл алынды.

Шариф Түркия менен болгон бир туугандык байланыштарды өз ара ишеним, түшүнүү жана бири-биринин улуттук максаттарына колдоо көрсөтүү жагынан уникалдуу катары мүнөздөп, Анкаранын Жамму Кашмир маселесинде Исламабадды колдоосуна канааттанганын баса белгиледи.

Пакистандын Түркиянын түпкү кызыкчылыктарын колдогонун кайталаган Шахбаз Шариф, сентябрь айында Исламабадда өтө турган Түркия-Пакистан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 7-жыйынында Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганды коноктоону чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар