Никос Дендиас Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) көз карашын колдогон жалгыз өлкө Греция экенин айтты

Никос Дендиас Грециянын борбор шаары Афинада өткөрүлгөн 26-экономисттер конференциясынын алкагында катышкан маегинде Түркия менен жакшы карым-катнаштын өлкөсү үчүн абдан маанилүү экенин билдирди.

1853368
Никос Дендиас Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) көз карашын колдогон жалгыз өлкө Греция экенин айтты

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) көз карашын колдогон жалгыз өлкө экенин айтты.

Грециянын борбор шаары Афинада өткөрүлгөн 26-экономисттер конференциясынын алкагында катышкан маегинде Түркия менен жакшы карым-катнаштын өлкөсү үчүн абдан маанилүү экенин билдирген Никос Дендиас: «Бирок Түркия менен жакшы мамилелер дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле абдан бекем пайдубалга ээ болушу керек. Бул эмне деген бекем пайдубал? Бул абдан түшүнүктүү. Бул эл аралык укук, эл аралык деңиз укугу, адам укуктары, аялдардын укуктары, өз ара урматтоо жана толеранттуулук»,-деп айтты.

Дендиас акыркы отуз жылдан бери «Түркиянын бул идеялар топтомуна жана Евробиримдикке жакындайт деп үмүт кылгандарын» белгилеп: «Греция Түркиянын (Европа Биримдигине мүчөлүк) каалоосун колдогон жалгыз өлкө, дагы эле Түркияны колдойт»,-деди.

Грециянын бардык маселелерде эл аралык укуктун негизинде иш кылганын айткан Дендиас, Түркиянын да ушундай мамиле кылган учурунда Греция менен Түркияны аймакта жаркын келечек күтүп турганын, бирок мунун бир аз убакыт талап кылышы мүмкүн экенин айтты.

Никос Дендиас Түркия менен Грециянын учурдагы көйгөйлөрүн башка ыкмалар менен чечүүгө аракет кылганы үчүн орток чечимге келе албаганын айттып: «Греция менен Түркиянын эң жакын дос болбошуна эч кандай себеп жок»,-деди.



Тектеш кабарлар