Афганистан  «НАТО мүчөсү болбогон маанилүү союздаш» статусунан чыгарылат

АКШнын президенти Жо Байден Афганистандын  «НАТО мүчөсү болбогон маанилүү союздаш» статусунан чыгарыларына байланыштуу Конгресске маалымат берди.

1853233

Жо Байден бул чечимдин АКШнын Өкүлдөр парламентинин спикери Нэнси Пелосиге жазган катында билдирди.

Байден катында : «1961 – жылдагы тышкы жардамдар мыйзамынын 517 – беренеси боюнча Афганистанды НАТОго мүчө болбогон маанилүү союздаш статусунан чыгаруу ниетимди сиздерге билдирем»,- деди.

Афганистан АКШнын 44 -  президенти Барак Обама тарабынан 2021 -  жылы «НАТОго мүчөсү болбогон маанилүү союздаш» деп кабыл алынган.

АКШнын ушул күнгө чейин «НАТОго мүчө болбогон маанилүү союздаш» катары кабыл алган 20 өлкө бар.

Өлкөдө биринчи жолу 1987 -  жылы кабыл алынган мыйзам менен Мезгилдин президенти Рональд Рейган тарабынан бул категорияга Австралия, Египет, Израил, Япония жана Түштүк Кореяны кошкон.

Перс булуңунан  Бахрейн менен Кувейтти АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш бул категорияга кошкон. Акыркы жолу  АКШнын президенти Байден Катар менен Колумбияны бул категорияга кошту.

Тектеш кабарлар