Пакистанда катуу жамгыр жаап адамдар каза болду
Нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан Кеттада бир үйдүн чатыры урап, бир үй-бүлөдөн 6 аял каза болду.
Пакистандын Белужистан провинциясында катуу жааган жамгырдан каза болгондордун саны 20га жетти.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, жетекчилер кечээтен бери Кетта шаарында дагы 10 кишинин каза болгонун, каза болгондордун саны 20га жеткенин жарыялашты.
Нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан Кеттада бир үйдүн чатыры урап, бир үй-бүлөдөн 6 аял каза болду.
Шаардын түрдүү жерлеринде селде калган 4 кишинин жансыз денеси табылды.
Сараиб Миллс районунда 50 кирпич үй кулап, тоолуу Муслим Баг аймагында 100 үй зыян тартып, жолдорду суу каптады.
Хушноб айылында да бир көпүрө кулап, көп сандаган эгин аянты зыян тартты.
Вад, Сарона, Хаб, Утал жана Бела аймактарында инфраструктура бузулуп, электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.
Кеттада кечээ нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен болгон кырсыктардан 10 адам каза болуп, шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланды.