Израиль Түркиядагы соода атташесин кайрадан ачууда

Израиль менен Түркия 1997-жылы эркин соода келишимине кол коюшкан.

1852606
Израиль Түркиядагы соода атташесин кайрадан ачууда

Израилдин экономика жана өнөр жай министри Орна Барбибай Израилдин Түркиядагы соода атташесин кайрадан ача тургандарын билдирди.

Израилдин Экономика жана өнөр жай министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Барбибай министрликтин Түркиядагы соода атташесин 1-августтан тарта кайрадан ача тургандарын айтты.

Орна Барбибай: «Коммерциялык атташе Израилдин Түркия менен экономикалык карым-катнаштарын тереңдетүүгө чечкиндүүлүгүн чагылдырат»,-деп баа берди.

Израилдик министр «он жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин эки өлкөнүн биргелешкен экономикалык конференциясын да жакын арада ишке ашырууну максат кылгандарын» айтты.

Экономика жана өнөр жай министрлигинин тышкы соода башкармалыгынын башчысы Охад Коэндин сөздөрү да камтылган билдирүүдө Коэн мындай деди:

«Түркия Израилдин тышкы соодасы үчүн маанилүү экономика. Бүгүнкү күндө Түркияга интенсивдүү экспорт бар жана бул кеңейиши мүмкүн. Эки өлкөнүн ортосунда эркин соода келишимдери бар. Кызматташтыктагы бул потенциал эки өлкө үчүн тең пайдалуу».

Министрликтин билдирүүсүндө Стамбулдагы соода атташелеринин кайрадан ишке кирүүсүнүн учурда Түркия рыногуна экспорт жасаган болжол менен 1540 израилдик фирмага таасир этээри жана алардын коммерциялык ишмердүүлүгүн күчтөндүрүүгө жардам берери белгиленди.

Ошондой эле Түркиянын Израилдин төртүнчү эң маанилүү соода өнөктөшү болгонуна көңүл бурулду.

Израиль менен Түркия 1997-жылы эркин соода келишимине кол коюшкан.



Тектеш кабарлар