Абдуллахиян Боррел менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Абдуллахиян Твиттерден берген маалыматында Боррелл менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирди.

1852507
Абдуллахиян Боррел менен сүйлөштү

Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Абдуллахиян Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана Коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жозеп Боррелл менен атомдук сүйлөшүүлөрдү карап чыгышты. 

Тышкы иштер министри Абдуллахиян Твиттерден берген маалыматында Боррелл менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирди. 

Атомдук келишимдин кайрадан жандануусу жана Иранга карата санкциялардын жоюлушу үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө көңүл бурган Абдуллахиян : "Келишим бир гана өз ара түшүнүшүү жана кызыкчылыктарга карата урмат  - сыйдын негизинде түзүлө алат",- деди.

Абдуллахиян күчтүү жана туруктуу бир келишим  түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү улантышарын баса белгилеп  сөзүн төмөнкүчө улантты : "АКШ бир келишим түзүүнү каалап жатабы же талаптарынын бир тараптуу кайталанышын каалайбы, буга чечим чыгарышы керек. Бул эки нерсени бир учурда аткаруу мүмкүн эмес". 

2015 -  жылы кол коюлган жана АКШ 2018 -  жылы чыккан биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы (OKEP) деп да билинген Иран атомдук келишимине байланыштуу сүйлөшүүлөр акыркы жолу Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлгөн. 

 

 



Тектеш кабарлар