Зеленский: «Биз Беларустун согушка аралашпай турганына ишенебиз»

Украин мамлекеттик маалымат агенттиги Укринформдун кабарына караганда, Зеленский борбор калаа Киевде The Economist журналынын 26-жылдык өкмөттүк тегерек стол жыйынында сөз сүйлөдү.

1852315
Зеленский: «Биз Беларустун согушка аралашпай турганына ишенебиз»

Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларустун Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка аралашуусуна карата провокациялардын бар экенине көңүл буруп: «Биз Беларустун согушка аралашпай турганына ишенебиз», - деди.

Украин мамлекеттик маалымат агенттиги Укринформдун кабарына караганда, Зеленский борбор калаа Киевде The Economist журналынын 26-жылдык өкмөттүк тегерек стол жыйынында сөз сүйлөдү.

Зеленский чындыкты ачык айтуулары керектигин белгилеп: «(24-февралдан бери Орусия менен уланып жаткан согушта) Беларустун аймагынан Украинага ар кандай аралыктагы көп сандагы ракеталар учурулду. Бирок биз мунун Беларусь элинин чечими эмес экенин түшүнөбүз жана Беларусь элинин бул согушка аралашпышы үчүн бардыгын жасашы керек деп эсептейбиз»,- деди.

Украинанын лидери Беларустун өз өлкөсүнө каршы согушка тартылышы мүмкүн деген провокацияларга көңүл буруп: «Бирок биз ошондой болсо да Беларустун бул согушка кирбей турганына ишенебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар