Украина үчүн Лугано декларациясына кол коюлду

Конференциянын экинчи жана акыркы күнүндө 40тан ашуун өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Швейцария менен Украина даярдаган декларацияны жактырышты.

1852339
Украина үчүн Лугано декларациясына кол коюлду

Швейцариянын Лугано шаарында өткөн Украинанын өнүгүү конференциясында Украинанын согуштан кийинки кайра куруу жана өнүктүрүү боюнча Лугано декларациясына кол коюлду.

Конференциянын экинчи жана акыркы күнүндө 40тан ашуун өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Швейцария менен Украина даярдаган декларацияны жактырышты.

Швейцария Конфедерациясынын президенти Игнацио Кассис Украина өкмөтүнүн кайра куруу жана өнүктүрүү планы Лугано декларациясында кабыл алынганын билдирип: «Эки күндүк конференция Украинаны узак мөөнөттүү кайра курууга эле эмес, пландардын негизин түздү»,-деди.

Кассис катышуучу өлкөлөрдүн Украинанын өнүгүү планын колдой турганын белгилеп, Украинадагы реформалардын да улануусу керектигин белгиледи.

Конференцияда Түркияны өкүлдүк кылган Тышкы иштер министринин орун басары, элчи Фуат Каймакжы Түркиянын согушка чейинки мезгилден бери Украинанын жанында болгонун баса белгилеп: «Биз Украинага күчтүү коргонуу жана гуманитардык жардам көрсөттүк, ал жерде анын аймактык бүтүндүгүн колдойбуз. Биз украиналыктардын баатырдык коргонуусу ийгиликтүү болот деп ишенебиз»,-деп айтты.

Каймакжы Түркиянын Украинанын кайра куруу процессинде чечкиндүүлүгүн сактай турганын, айрыкча Украина менен конференцияга катышуучу өлкөлөр менен бирге иштөөгө даяр экендиктерин билдирди.

Улуу Британия 2023-жылы өтүүчү Украинаны өнүктүрүү боюнча экинчи конференцияны өткөрөт.



Тектеш кабарлар