Сомалиде катуу кургакчылык
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сомали боюнча координатору Адам Абделмули, өлкөнүн буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу кургакчылыкты башынан өткөрүп жатканын баса белгиледи.

Сомалиде көптөн бери уланып жаткан акыркы 40 жылдагы эң катуу кургакчылыктан улам өлкөдө 1 миллион киши тамак-аш жана суу тартыштыгынан жапа чегүүдө.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сомали боюнча координатору Адам Абделмули, өлкөнүн буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу кургакчылыкты башынан өткөрүп жатканын баса белгиледи.
Абделмоула Сомалинин көптөгөн аймактарынын кургакчылык менен күрөшүп жатканын жана өлкөнүн калкынын жарымына барабар болгон 7 миллиондон ашуун адамдын чукул жардамга муктаж экендигин кабарлады.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү доктор Мамунур Рахман Малик да азык-түлүк көйгөйүнүн адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын белгилеп, бир миллион адамдын тамак-аш жана суу тартыштыгынан жапа чегип жатканын билдирди.
Сомали өкмөтү 23-ноябрда күчөгөн кургакчылыктан улам өлкө боюнча «өзгөчө абал» жарыялаган.
Тектеш кабарлар

Мексикада дагы бир журналист киши колдуу болду
Өлкөдө жылдын башынан бери өлтүрүлгөн журналисттердин саны 13кө жетти.