Италияда кургакчылык...

5 аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

1852104
Италияда кургакчылык...

Италияда өкмөт кургакчылыктан эң көп зыян тарткан 5 аймакта өзгөчө кырдаал жарыялады.

Акыркы 70 жылдын эң оор кургакчылык кризисине туш болгон өлкөдө премьер-министр Марио Драгинин жетекчилигинде чогулган Министрлер кеңеши, бул абалдан эң көп жабыркаган 5 түндүк аймак үчүн бир катар чечимдерге кол койду.

Министрлер кеңеши Пьемонт, Ломбардия, Венето, Эмилия-Романья жана Фриули Венеция Жулия аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяласа, кризистен чыгууга болжол менен 36,5 миллион евро бөлүндү.

Адистер кургакчылык кризиси өлкө боюнча айыл чарба өндүрүшүнүн 30 пайызына коркунуч туудурганын жана ушул убакка чейин айыл чарбасында 3 миллиард еврого жакын чыгымга алып келгенин белгилешүүдө.



Тектеш кабарлар