АКШ Эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатат
Жо Байден бул жерде сүйлөгөн сөзүндө демократияны коргоого чакырды.
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) 1776-жылы Англиядан көз карандысыздыгын жарыялагандыгына байланыштуу жыл сайын 4-июлда белгиленүүчү Эгемендүүлүк күнү жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан кийин биринчи жолу чектөөсүз өткөрүлдү.
Борбор калаа Вашингтондогу салттуу фейерверкти он миңдеген киши ар кайсы жерден көрүшсө, АКШнын президенти Жо Байден жана жубайы Жилл Байден да Ак үйдө аскер үй-бүлөлөрү менен өткөрүлгөн иш-чарага катышты.
Жо Байден бул жерде сүйлөгөн сөзүндө демократияны коргоого чакырды.
АКШнын ар дайым өз жолу менен баратканын белгилеген Байден: «Биз ар дайым сыналганбыз, бирок биз эч качан баш тарткан жокпуз»,-деди.
Байден эркиндиктин АКШда да, чет өлкөлөрдө да "чабуул астында" экенин айтып: «Биз күн сайын биздин демократияга эч нерсе кепилдик берилбегенин эстейбиз, ал үчүн күрөшүшүбүз керек, демократиябызды коргошубуз керек»,-деп билдирди.
Өз сөзүндө президент Байден Чикагодогу Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурундагы кол салууга да токтолуп: «Бүгүнкү күндө көптөгөн америкалыктар айлана-тегерегине көз чаптырып, Америка Кошмо Штаттарынын абдан бөлүнгөнүн байкаганын жана буга тынчсызданып жатканын билемин. Мен муну түшүнөм, бирок биз бөлүнгөнгө караганда көбүрөөк биримдиктебиз»,- деди.