Орусия тыңчылык менен кармаган илимпоз Колкер каза болду

Физика-математика илимдеринин доктору Дмитрий Колкер өткөн аптада рактын 4-стадиясында дарыланып жаткан Орусиянын Новосибирск шаарындагы ооруканада кармалган.

1851572
Орусия тыңчылык менен кармаган илимпоз Колкер каза болду

Кытайга мамлекеттик сырларды камтыган маалыматтарды берген деген жүйө менен рак оорусунан дарыланып жаткан ооруканада кармалган орусиялык илимпоз Дмитрий Колкер каза болду.

Физика-математика илимдеринин доктору Дмитрий Колкер өткөн аптада рактын 4-стадиясында дарыланып жаткан Орусиянын Новосибирск шаарындагы ооруканада кармалган.

Колкер Кытайга мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды берген деп айыпталган.

Орус илимпозунун үй-бүлөсү Колкердин абалы начарлап, каза болгонун билдирди.

54 жаштагы Дмитрий Колкерди 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу суралган.



Тектеш кабарлар