Орусия Сириянын түндүгүндөгү Евфрат дарыясынын чыгышына аскердик жүк жеткирди

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Орусиянын Иллюшин Ил-76 үлгүсүндөгү эки аскерий жүк ташуучу учагы эртең менен көпчүлүгү ЙПГ/ПКК басып алган Хасекенин Камышлы районундагы аэропортко конду.

1851802
Орусия Сириянын түндүгүндөгү Евфрат дарыясынын чыгышына аскердик жүк жеткирди

Орусия Сириянын түндүгүндөгү Евфрат дарыясынын чыгышындагы Хасеке провинциясындагы жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын басып алуусунда болгон Камышлы районундагы аэропортко аскердик жүк ташыды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Орусиянын Иллюшин Ил-76 үлгүсүндөгү эки аскерий жүк ташуучу учагы эртең менен көпчүлүгү ЙПГ/ПКК басып алган Хасекенин Камышлы районундагы аэропортко конду.

Сириянын Латакиядагы Хмеймим аскердик аэропортунан көтөрүлгөн учактарда аскердик унаалардан тышкары 300дөй орус аскери болгон.

Орус армиясы 3-июнда Камышлы районуна Панцир-С1 кыска жана орто аралыкка абадан коргонуу системасын алып келген. Тынчтык булагы операциясынын түштүк-чыгыш фронтундагы Тель Темирдеги базасына да 8-июнда 2 танк, радар системасы, Дочка типтеги зениттик система жана 8 персонал ташуучу бронетранспортерден турган жүк жеткирилди.

Орус армиясынын Айн Иса, Тел Темир, Манбиж, Айнул Араб жана Камышлыдагы аскерлеринин санында да ондоп санала турган өсүү болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар