Италиянын премьер-министри Түркияга келет

Италиянын премьер-министри Марио Драги эртең президент Эрдоган менен Түркия-Италия үчүнчү өкмөттөр аралык саммитине төрагалык кылат.

1851724
Италиянын премьер-министри Түркияга келет

Италиянын премьер-министри Марио Драги президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен эртең Түркияга расмий сапар менен келет.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, Италиянын премьер-министри Марио Драги эртең Түркия сапарынын алкагында президент Эрдоган менен Түркия-Италия үчүнчү өкмөттөр аралык саммитине төрагалык кылат.

Тиешелүү министрлердин катышуусунда өтө турган саммитте Түркия-Италия карым-катнаштары бардык жагынан каралып, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү үчүн таштала турган кадамдар талкууланат.

Драгинин жолугушууларында стратегиялык өнөктөш жана НАТО шериктеши Италия менен эки тараптуу карым-катнаштардан тышкары Түркия-Европа Биримдиги мамилелери, аймактык жана глобалдык маселелер боюнча да пикир алмашуу болот.



Тектеш кабарлар