Эл аралык Олимпиада комитетинен Украинага колдоо...

Зеленский Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах менен жолугушту.

1851467
Эл аралык Олимпиада комитетинен Украинага колдоо...

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах менен жолугушту.

Согушта 89 спортчунун жана машыктыруучунун каза болгонун, жүздөгөн спорт объектилеринин да Орусия тарабынан бомбаланганын билдирген Зеленский: «Көптөгөн спортчуларыбыз фронтто өлкөбүздү коргоо үчүн күрөшүп жатышат»,-деди.

Томас Бах болсо согушка карабастан Украинанын 2024-жылкы Олимпиада оюндарына катышуусу үчүн ар кандай жардамды бере тургандарын айтты.

Ушул алкакта комитет Украинага жардамын 2 жарым миллион доллардан 7 жарым миллион долларга жогорулатат.

Томас Бах орус жана белорусиялык спортчуларды эл аралык иш-чаралардан четтетүү боюнча позицияларынын да өзгөрбөгөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар