Австралия Украинага көбүрөөк аскерий жардам берүүгө убада кылды

Би-Би-Синин кабарына караганда, Албаниз Киевге күтүүсүз сапарында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукту.

1851450
Австралия Украинага көбүрөөк аскерий жардам берүүгө убада кылды

Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз, Украинанын баш калаасы Киевге болгон сапары учурунда көбүрөөк аскерий жардам берүүнү убада кылды.

Би-Би-Синин кабарына караганда, Албаниз Киевге күтүүсүз сапарында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукту.

Киевдеги Президенттик сарайда маалымат жыйын өткөргөн Албаниз, «согуш канчалык узакка созулбасын» өлкөсүнүн Украинаны колдой турганын белгилеп, дагы көбүрөөк аскерий жардам убада кылды.

Албаниз ошондой эле Орусиянын 16 министри жана олигархына саякатка тыюу салынганын жана Орусиядан алтын импортунун токтотулганын жарыялады.

Австралиянын жакында Украинага берген 100 миллион Австралия доллары наркындагы аскердик жардам пакетинин учкучсуз учуучу аппараттарды жана 34 зооттолгон унааны камтыганы маалымдалды. 

Австралиянын Украинага берген жардамынын жалпы суммасынын болжол менен 390 миллион Австралия доллары экени белгиленди.



Тектеш кабарлар