Нигерияда чиркөөдө барымтага алынган 77 киши куткарылды

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Ондо провинциясынын Валентино районундагы чиркөөнүн биринчи кабатында дин кызматчы 77 кишини барымтага алган.

1851209
Нигерияда чиркөөдө барымтага алынган 77 киши куткарылды

Нигериянын Ондо провинциясындагы чиркөөдө барымтада кармалган 77 киши куткарылды.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Ондо провинциясынын Валентино районундагы чиркөөнүн биринчи кабатында дин кызматчы 77 кишини барымтага алган.

Аталган конуш тургундарынын берген маалыматынын натыйжасында 77 адам, анын ичинен 23 бала куткарылган.

Ондо полициясынын коомчулук менен байланыштар кызматкери Фунмилайо Одунлами билдирүү жасап, дин кызматчынын кармалып, окуя боюнча иликтөө башталганын билдирди.



Тектеш кабарлар