Украиналык лидерлерден Европа Биримдигине толук мүчөлүккө байланыштуу биргелешкен билдирүү
Украинанын президенти Владимир Зеленский, премьер-министр Денис Шмигал жана парламенттин спикери Руслан Стефанчук өлкөлөрүнүн Европа Биримдигине кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн башталышы боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Парламентте өткөн жыйында Зеленский : "Бүгүн биз биргелешкен билдирүүгө кол койдук, бул бардык бийлик бутактарынын биримдигинин жана Украинанын Европа Биримдигине толук кандуу мүчө болуу стратегиялык максатына жетүү чечкиндүүлүгүбүздүн белгиси",- деди.
Бул билдирүүгө кол коюлушунун согуштун бешинчи күнүндө Европа Биримдигине мүчөлүк кайрылуусуна кол коюу сыяктуу чоң маанигее ээ экендигин белгилеген Зеленский : "Талапкерликтин 115 күнүндөбүз, мүчөлүк жолубуз ондогон жылга созулбашы керек. Европа Биримдигиндеги досторубуздун биз үчүн тарыхый бир чечимди ылдам жана бекем түрдө чыгаруусу үчүн бизге түшкөн милдетти мыкты аткаруубуз керек",- деди.