Ципрас: «Саммитте Түркияга толук колдоо көрсөтүлдү»

OPEN TV телеканалына билдирүү жасаган Алексис Ципрас Мадридде өткөрүлгөн НАТОнун саммитине Грециянын тышкы саясатынын алкагында баа берди.

1850830
Ципрас: «Саммитте Түркияга толук колдоо көрсөтүлдү»

Грециянын негизги оппозициячыл партиясы Радикал Солчул Альянстын (СИРИЗА) лидери Алексис Ципрас Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн НАТОнун саммитинде грек өкмөтү жүргүзгөн тышкы саясаттын ийгиликсиз болгонун белгилеп, Түркияга толук колдоо көрсөтүлгөнүн айтты.

OPEN TV телеканалына билдирүү жасаган Алексис Ципрас Мадридде өткөрүлгөн НАТОнун саммитине Грециянын тышкы саясатынын алкагында баа берди.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин Түркияга F-16 сатылышына карата оң мамилесин да Мицотакис өкмөтүнүн ийгиликсиздиги деп сыпаттаган Ципрас: «Саммитте көргөндөрүбүз бизди тынчсыздандырышы керек. Тема бир гана F-16ларды сатуу эмес, (Түркияга көрсөтүлгөн) жалпы колдоо», деп сереп салды.

Ципрас саммитке жана Түркиянын Эгей деңизиндеги туризм кампаниясында колдонгон «TurkAegean» аныктамасынын Европа тарабынан катталышына байланыштуу төмөнкүлөргө токтолду:

«Биз катуу дипломатиялык жеңилүүгө дуушар болдук. Эгер мен премьер-министр болуп ушундай болгондо жана "TurkEgean" деген аныктама Түркия тарабынан жарнамалык бренд катары катталса Мадридден жөө кайтып келмекмин»,-деди.



Тектеш кабарлар