Ирандын президенти Катардын эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Иран менен акыркы айлампасы Дохада өткөн өзөктүк сүйлөшүүлөр маселеси талкууланды.

1850595
Ирандын президенти Катардын эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

Ирандын президенти Ибрахим Реиси өзөктүк сүйлөшүүлөрдө туруктуу келишимге жетишүү үчүн өлкөсүнө карата «негизсиз» айыптоолордун алынып жана санкциялардын жоюлушу керектигин айтты.

Иран президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Реиси Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Иран менен акыркы айлампасы Дохада өткөн өзөктүк сүйлөшүүлөр маселеси талкууланды.

Батыштык тараптардын сүйлөшүүлөрдө Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу дооматтарына көңүл бурган Ибрахим Реиси бул дооматтарды негизсиз деп мүнөздөп : «Сүйлөшүүлөр менен бир убакта Иранга карата кайталанган айыптоолор жана дооматтар, каршы тараптын сүйлөшүү процессин саясий жактан бутага алгандыгын жана олуттуу сүйлөшүүнүн талаптарына баш ийбегендигин көрсөтүүдө»,- деди.

Реиси өлкөсүнө каршы санкциялардын мыйзамсыз жана бир тараптуу экендигин белгилеп : «Туруктуу келишим санкцияларды жоюну жана негизсиз айыптоодон эч кандай шартсыз баш тартууну талап кылат”,-деп баа берди.

Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Сани да Ирандын  өлкөсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн Реисиге ыраазычылык билдирип : "Доха Тегерандын укуктарын коргоо жана диалог жолдорун алдыга жылдыруу жолундагы мамилесин жана өзгөчө эки тараптуу карым – катнаштар менен кызматташууну бекемдөө эркин колдойт»,- деди.

 



Тектеш кабарлар