Ермак: "Орусиянын билдирүүсү калп"

Ермак: «Жылан аралында орустар жок. Украинанын куралдуу күчтөрү аларды мыкты операция менен кууп чыгышты»,-деди.

1850612
Ермак: "Орусиянын билдирүүсү калп"

Украинанын Президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак, Орусиянын Коргоо министрлигинин Кара деңиздеги "Жылан" аралынан өз ыктыяры менен чегиндик деген билдирүүсүнүн «калп» экенин айтты.

Ермак, Telegram каналындагы билдирүүсүндө: «Жылан аралында орустар жок. Украинанын куралдуу күчтөрү аларды мыкты операция менен кууп чыгышты»,-деди.

Украинанын башкы штабынын башчысы Валерий Залужний да украин армиясынын чабуулдарына туруштук бере албаган орус аскерлеринин "Жылан" аралынан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн түштүк бөлүмү буга чейинки билдирүүсүндө, украин армиясынын ийгиликтүү операциясынын натыйжасында орустар "Жылан" аралынан эки катер менен чыгып кеткенин кабарлаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги да жакшы ниеттин белгиси катары "Жылан" аралында өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаргандарын жана ал жердеги аскер бөлүктөрүн чыгарып кетишкендерин жарыялаган.



Тектеш кабарлар