Японияда катуу ысык: 17 адам каза болду
Япониянын метеорологиялык агенттиги (JMA) 40 градустан ашкан катуу ысыктын жакынкы күндөрдө дагы да таасирдүү болоорун билдирди.
1850895
Япониянын борбору Токиодо катуу ысыктын айынан 17 адам каза болду.
Токионун Өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, кечээ 6 жаштан 97 жашка чейинки 294 адам күн өтүүнүн белгилеринен улам ооруканага жаткырылып, 17 адамдын болсо катуу ысыктан каза тапканы кабарланды.
Япониянын метеорологиялык агенттиги (JMA) 40 градустан ашкан катуу ысыктын жакынкы күндөрдө да таасирин уланта турганын билдирди.
Адистер ысыкка каршы сууну көп ичүүгө жана кондиционер колдонууга чакырышты.
Тектеш кабарлар
Францияда денге ысытмасынын учурлары көбөйүүдө
Жетекчилер Олимпиада учурунда вируска чалдыккандардын санынын көбөйүшү мүмкүн экенине басым жасашты.