Зеленский: "144 украин аскерин орус туткунунан куткардык"

Зеленский видео кайрылуу жолу менен билдирүү жасады.

1850062
Зеленский: "144 украин аскерин орус туткунунан куткардык"

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусиянын туткунунда калган 144 аскерди куткаргандарын билдирди.

Зеленский видео кайрылуу жолу менен жарыялаган билдирүүсүндө, оптимисттик жана маанилүү жаңылыктарды бергиси келгенин айтып: «Биз 144 украин жоокерин орус туткунунан бошоттук. Алардын арасында 59 улуттук гвардия, 30 деңиз күчтөрү, 28 армия, 17 чек арачы, 9 антитеррордук аскер жана 1 полиция бар»,-деди.

Куткарылган аскерлердин эң улуусу 65, эң кичүүсү 19 жашта экенин белгилеген украин лидери: «Тактап айтканда, 95 «Азовсталь» коргоочусу мекенине кайтып келүүдө. Биз ар бир украиналыкты мекенине алып келүү үчүн бардыгын жасайбыз»,-деп айтты.

Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо бөлүмү кечээ, согуш башталган 24-февралдан бери Орусия менен Украинанын ортосундагы эң чоң алмашуу операциясынын ишке ашканын жана 95и "Азовсталь" заводунун жоокерлери болгон 144 украин аскерин кайтарып алышканын жарыялаган.



Тектеш кабарлар