Владимир Путин Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгү тынчсыздандырбай тургандыгын айтты

Путин Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатта өткөн Каспий деңизине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин 6 -  саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1850072
Владимир Путин Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгү тынчсыздандырбай тургандыгын айтты

Россиянын президенти Владимир Путин Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчө болушу тынчсыздандырбагандыгын айтты. 

Владимир Путин Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатта өткөн Каспий деңизине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин 6 -  саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

Путин Испаниянын борбор шаары Мадриддеги НАТО лидерлер саммитинде альянска талапкерлиги кабыл алынган Швеция жана Финляндия менен көйгөйлөрүнүн жок экендигин белгилеп : "Бизде аймактык маселелер да, пикир келишпестиктер да жок. Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчө болушунда бизди тынчсыздандырган эч нерсе жок",- деди.

Орус лидер бул эки лкөнүн НАТОго кошулушунун коркунучтуу экендиги тууралуу эскертип : "Мурда алар үчүн эч бир коркунуч жок эле. Эми болсо ал жерде эгерде жаскердик бөлүктөр жана инфраструктуралар жайгаштырылса, жооп кайтаруу жана жерлеринде ошого окшогон коркунучту жаратууга туура келет. Бул айдан ачык жана муну так түрдө түшүнүүлөрү керек",- деди. 

Украина менен көйгөйлөрүнүн бар экендигин белгилеген Путин : "Украина менен абал башка. Финляндия жана Швецияда буга окшогон нерсе жок. Бул толугу менен башка бир абал. Швеция менен Финляндия кааласа НАТОго кошулсун"- деди. 

"НАТОнун кансыз согуштун калдыгы экендигин" белгилеген Путин : "НАТО АКШга тышкы саясатынын бир инструменит катары спутниктерин өзүнүн буйругу астында кармоо үчүн керек",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар