Түркия-АКШ мамилелери

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кечээ президент Эрдоган менен Байдендин Мадриддеги НАТОнун саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөргөнү белгиленди.

1849957
Түркия-АКШ мамилелери

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден президент Режеп Таййип Эрдоган менен болгон жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү карым- катнаштардын уланышын каалаганын билдирди.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кечээ президент Эрдоган менен Байдендин Мадриддеги НАТОнун саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөргөндөрү белгиленди.

Билдирүүдө: «Президент Байден Түркиянын Финляндия жана Швеция менен үч тараптуу меморандумга кол коюп, бул өлкөлөрдүн НАТОго кошулуусуна жол ачышын кубаттады»,-деп айтылды. 

Президент Эрдоган менен Байдендин Украинага колдоо көрсөтүү темасын да сүйлөшкөндөрүнө көңүл бурулган билдирүүдө, Украина данынын экспортунун алдындагы Орусиянын тоскоолдуктарын жоюунун маанисине да токтолгондору кабарланды. 

Билдирүүдө: «Лидерлер ошондой эле Эгей жана Сириядагы стабилдүүлүктү сактоо маселесин талкуулашты. Байден дагы бир жолу конструктивдүү эки тараптуу мамилелерди сактап калуу каалоосун билдирди жана эки лидер өкмөттөрүнүн ортосундагы тыгыз байланышты улантууга басым жасашты»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар