Нигерияда жыл сайын 30 миң киши тамекиге байланыштуу каза болууда

Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик министр Аделеке Мамора да нигериялыктарды тамекиден жана "пассивдүү тамеки тартуудан" алыс болууга чакырды.

1849956
Нигерияда жыл сайын 30 миң киши тамекиге байланыштуу каза болууда

Нигерияда жыл сайын 30  миң кишинин тамеки продукцияларына байланыштуу оорулардан каза болгондугун билдирди. 

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Нигерия өкүлү доктор Уолтер Казули Молумбо уюм тарабынан өткөрүлгөн «Тамеки жөнүндө маалымдуулук» программасы тууралуу билдирүүсүндө, Нигерияда жугуштуу эмес оорулардан  каза болгондордун саны жугуштуу оорулардан улам каза болгондордун санынан ашып кеткендигин  билдирди. 

Өлкөдө жыл сайын 30 миң кишинин тамеки продукцияларына байланыштуу оорулардан каза болгонун белгилеген Молумбо, быйыл Ковид-19дан улам  3 миң 144 кишинин каза болгонун жана тамекиге байланыштуу өлүмдөрдүн андан да көп болгонун айтты.

Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик министр Аделеке Мамора да нигериялыктарды тамекиден жана "пассивдүү тамеки тартуудан" алыс болууга чакырды.

Мамора, өкмөттүн коомчулукту тамеки чегүүсүнө бөгөт коюу үчүн ушул айдан тарта тамеки салыгын 20 пайыздан 30 пайызга көтөргөнүн белгиледи.

 



Тектеш кабарлар