ДССУ: "Пандемия бүтө элек"

Уюмдун Женевадагы борборунда пресс-конференцияда сүйлөгөн ДССУнун башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреисус Ковид-19 учурларындагы акыркы көрсөткүчтөргө баа берди.

1849959
ДССУ: "Пандемия бүтө элек"

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) 110 өлкөдө көбөйгөнүн белгилеп, пандемиянын бүтө электигин эскертти.

Уюмдун Женевадагы борборунда пресс-конференцияда сөз сүйлөгөн ДССУнун башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреисус Ковид-19 учурларындагы акыркы көрсөткүчтөргө баа берди.

Ковид-19дун суб-варианттары болгон BA.4 жана BA.5тин 110 өлкөдө учурлардын көбөйүшүнө себеп болгонун белгилеген Гебреисус: «Дүйнөлүк учурлардын көбөйүшүндө 20 пайыздык өсүү байкалса, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 3 аймагында өлүмдүн деңгээли артты»,- деди.

Гебреисус: «Пандемия өзгөрүүдө. Биз вируска каршы күрөштө ийгиликтерге жетиштик, бирок пандемия али бүтө элек»,-деп сереп салды.

Доктор Гебреисус, учурда көбөйүп жаткан учурлардын Ковид-19у коркунучтуу кылбашы үчүн эмдөөнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, "акыркы 18 айда дүйнөдө 12 миллиарддан ашык доза вакцина таратылды" деп маалымдады.

Медицина кызматкерлеринин жана 60 жаштан жогоркулардын эмдөө көрсөткүчүнүн дүйнө боюнча 75 пайыз экенин белгилеген Гебреисус, өлкөлөрдү «калкынын кеминде 70 пайызын эмдөөгө» чакырды.



Тектеш кабарлар